• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектеги диджейдин өлүмү. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Бишкектеги батирлердин биринде адамды атып кетишкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык Свердлов райондук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-февралда болжол менен саат 00:40тар чамасында Бишкек шаардык ИИББнын “102” кызматына “Чыгыш-5” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринде эс учун жоготкон белгисиз адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

“Окуя болгон жерге Свердлов райондук ИИБ тергөө-ыкчам тобу барып, көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен белгисиз адамдын жансыз денесин табышкан. Жансыз денени карап чыккан эксперт-криминалисттер оң жак ийинине тийген ок көкүрөк тушун тешип өтүп жүрөгүн токтотконун аныкташкан. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал 1983-жылы туулган С.Д. болгон”,-деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Свердлов райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бардык зарыл экспертизалар дайындалган.

Азыркы учурда адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктап, кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүүдө.

ЖМКларда каза болгон жаран Бишкектеги түнкү клубдардын биринде диджей болуп иштеп жүргөнү тууралуу айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий