Бишкектеги эпидкырдаал: COVID-19 жуккандардын саны өсүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, коронавирус жуккандардын саны күн сайын өсүүдө. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, акыркы сутка ичинде Бишкекте 112 адамга коронавирус жуккандыгы аныкталган, анын ичинен 65 учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 47 учур клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган. Беш шаар тургуну каза болгон.

«Жыл башынан бери коронавирус жуккан жалпы 11 миң 250 учур катталган, 12 миң 375 жаран үй карантинине алынган, 8 миң 859 киши карантинден чыгарылган. 2021-жылдын 18-майына карата дарыгерлердин көзөмөлүндө үй карантининде 5 миң 331 шаар тургуну бар, алардын ичинде 1 миң 805 кишинин ПЧР анализи оң чыккан», - дейт ал.

Ал кошумчалагандай, Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында 25 мобилдүү медиктердин тобу иштеп жатат.

«Жыл башынан бери мобилдүү топтор тарабынан 25 миң 186 чыгуу жасалган, 26 миң 904 ПЧР анализ алынган», - деди Шамырканова.

Пикир

Оставить комментарий