• 87
  • 90.58
  • 0.83

Бишкектеги Эркиндик бульварын реконструкциялоо иши аяктады

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварын реконструкциялоо иши аяктады.

Мунииципалитеттен билдиришкендей, "Бишкек жашыл курулуш" ишканасынын кызматкерлери бульвардын боюндагы Абдумомунов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки газонду түшүрүүнү аяктап жатат.

Эркиндик бульварынын аймагында сугат системасы толугу менен жаңы В2 арык лотокторуна алмаштырылып, жаңы автоматтык сугат системасы орнотулду.

Жашылдандыруучулар бульвардын аймагын курулуш жана чарбалык таштандылардан тазалап, топурак тегиздеп, газон чөптүн үрөнүн себишти.

Ал эми "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан Жибек Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин унаа токтотуучу жай уюштуруу менен жолду жана тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Эски асфальттарды түшүрүү иштери жүргүзүлүп, бордюрлар жана ирригациялык система орнотулуп, жолдун негизи даярдалып, асфальт төшөө иштери аяктады.

Мындан тышкары, Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ирригациялык системаны орнотуу менен тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Жумабек көчөсү Эркиндик бульварынан чыгышты карай 60 метр аралыкка ирригациялык система орнотулуп, жол бордюрлары жаңыртылды.

Пикир

Оставить комментарий