• 87
  • 90.59
  • 0.86

Бишкектеги эски көп кабаттуу үйлөрдү жаңылоо качан башталары айтылды

Коом 0


Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Совет доорунда курулган көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы имараттарды салуу сунушунун алкагында укуктук актыларды жана мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуу 2025-жылга пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат жыйында билдирди.

Орунтаев белгилегендей, кийинки жылдары атайын нормативдик актыларды, мыйзамдарды иштеп чыгып элге чыгарып, жарабай калган үйлөрдү жаңылап берүү керек.

Расмий маалыматтарга караганда, союз убагында Бишкекте 1500дөн ашуун көп кабаттуу үй курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын мөөнөтү 50-70 жыл деп эсептелген. Азыркы учурда “Сталинка, Хрущевка” деп эл ичинде аталган турак жайлардын мөөнөтү өтүп, коопсуздук маселесин пайда болууда.

Алдын ала маалымат боюнча, реновация программасы куруучу компаниялар менен эски үйдүн ээлеринин ортосундагы келишимди жөнгө салууну жана мыйзамдаштырууну көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий