• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкектеги тарыхый эстеликтерге жана имараттарга оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

Маданият 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндөгү өзгөчө корголуучу тарыхый аймакта жайгашкан эстеликтерге жана имараттарга оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-октябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүңдөгү өзгөчө корголуучу тарыхый аймакта жайгашкан эстеликтер жана эстеликтердин коргоо чөлкөмүнүн абалы менен жеринен кабар алды.

Анда министр борбор шаардын тарыхый аймагын, анда жайгашкан архитектуралык, монументалдык, искусство обьекттерин калыбына келтирүү, туура пайдалануу, эстеликтерди тарыхый ландшафты менен реставрациялоо иштеринин сметаларын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле мыйзамсыз салынган көңүл-ачуучу жайлар, кафе-ресторандар, курулуштарды бузуу боюнча кат даярдап, шаардын борбордук бөлүгүн баштапкы калыбына келтирүү боюнча тиешелүү мекеме жана имарат ээлерине жөнөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий