• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкектеги инсталляцияны унаасы менен сүзгөн айдоочу милицияга өзү келди

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Бишкекте Манас-Чүй проспекттеринин кесилишиндеги инсталляцияны унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына (ЖКККББ) өзү келген.

Башкармалыктан билдиришкендей, ал инсталляцияны сүзгөн окуя кечээ, 19-июнь күнү болжол менен саат 23:20да болгон.

Бүгүн “Хонда CRV” үлгүсүндөгү унаанын 21 жаштагы М.В. аттуу айдоочусу аталган башкармалыкка өзү келген. Анын унаасы айып токтотуу жайына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий