• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде болжол менен саат 14:30да Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаада аялдын жана эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган кызды салып кетишкен «Honda Civic» автоунаасын көрүшкөн.

«Унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу жарандын кыйноого алынып өлтүрүлгөн сөөгү жана 1985-жылы туулган Т.З аттуу жарандын бычак жеп каза болгон сөөгү табылган», - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка караганда, Т.З. аттуу адам ортодогу жаңжалган улам кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Учурда тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган болчу.

Пикир

Оставить комментарий