Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун иш күнү узартылды

Саясат 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун иш жүргүзүү тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу максатында борборлордун иштөө тартиби өзгөртүлгөн.

Атап айтканда, калкты тейлөө борборлору 08:00дөн 19:00гө чейин иштешет. (мурун иш 09:00дөн 18:00гө чейин болчу). Эми адистер түшкү тамактанууга да чыгышпайт.

Тейлөө борборлору бир күндө 1500-2000 адамды тейлегенге жетишет.

"Кезек күткөндөрдүн санын азайтуу жана калкка жагымдуу шарттарды түзүү максатында баардык чаралар көрүлүүдө. Андан тышкары, Бишкек шаарында 4 кичи тейлөө борборлору иштейт. Эми аталган борборлор эс алуу күндөрү да саат 10:00дөн 19:00гө чейин иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарында саат 08:00дөн 19:00гө чейин иштей турган тейлөө борборлору:

- КТБ-1 Медеров көч, 44/1 жана Ж.Пудовкин көч. менен кесилишинде;

- КТБ-2 Ч.Валиханов көч, 2;

- КТБ-3 Ж.Гвардия бульвары 4/Бөкөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий