• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушу жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушу жарыктандырылды, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармагын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул жолу шаардын жарыктандыруучулары «Калыс-Ордо» конушунун көчөлөрүн жарыктандырууда.

Калыс-Ордо конушунун 104, 105, 115, 116 көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 49 даана светодиоддук чырак орнотуп, 3000 метрге жакын изоляцияланган зым(СИП) тартышты.

Пикир

Оставить комментарий