• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектеги Келечек конушу жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 29.11.23./Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жолу Келечек конушундагы Элебесов көчөсүндө иштер жүргүзүлүүдө.

Аталган көчөдө кубаттуулугу 50 жана 100 Ватт 37 светодиоддук чырак жана ошончо кронштейн орнотулду. Ошондой эле 1320 метр өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Пикир

Оставить комментарий