• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте III Элдик курултай өтүүдө

Коом 0


Бишкек, 20.12.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Бүгүн Бишкектеги улуттук филармонияда кезектеги III Элдик курултай өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин башчысы жана анын орун басарлары, министрлер жана 698 делегат катышууда. Иш-чарада оболу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп, курултайдын максаты, делегаттар тууралуу маалымат берди.

Курултай кыргыздын ата-бабадан калган салт-санаасына таянып, коомдун өнүгүүсүнө жаңыча багыт берүүчү орган катары мындан 3 жыл мурда түзүлгөн. Курултайдын негизги миссиясы көйгөйлөрдү талкуулап тим болбостон, аларды чечүү жолдорун сунуштоо болуп эсептелет.

Жыйында сөз сүйлөгөн өлкө башчы Садыр Жапаров, дал ушул курултайга айтылган ар бир көйгөйлүү ой-пикирлер, сунуштар сөзсүз келечекке пайда бериши керектигин айтып, өлкөдө жасалган алгылыктуу ишкерге токтолду. Анда өлкөдөгү маанилүү тарыхый окуя катары кыргыз-тажик чек арасынын толук чечилиши, коррупция менен күрөш, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу, экологиялык абал, суу маселеси, аялдарга карата зордук-зомбулук, өлкөдөгү экономикалык өсүш, тышкы саясат жана башка тармактагы жетишкендиктерди жана маселелерди атап өттү. Ал эми курултайга келген делегаттар өз аймагындагы көйгөйлүү маселелерди бийлик башына жеткиришүүдө.

Белгилей кетсек, III Элдик курултайга катышкан делегаттардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Андан тышкары 30 делегат Россия, АКШ, Канада, Түркия, Германия, Түштүк Корея, Казакстан, Чехия, Италия жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү. Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда өткөн. Үчүнчү Элдик курултай 20-21-декабрь күндөрү болот.

Пикир

Оставить комментарий