• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектеги конуштарды газдаштыруу боюнча жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Бишкекте жылытуу мезгилинин алдында газдаштыруу боюнча калк менен жолугушуулар уланууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун №13,14,15 жергиликтүү аймактык башкармалыктарында (МАБ) кварталдык, үй комитеттери, ошондой эле газ жабдууларын орнотуу боюнча монтаждоочулар менен бирге күндүзгү жана кечки жыйындар өткөрүлдү.

Суроо-жооп форматында катышуучуларга көгүлтүр отунга кошулуу үчүн насыя берүүнүн жагымдуу шарттары айтылды.

"РСК Банк" 150 миң сомдук кредиттерди 24 айга чейин төмөн пайыз менен, күрөө, кепилдик жана алдын ала төлөмсүз берүүгө даяр, ошондой эле "Айыл Банк" 200 миң сом насыя берет. Шарттары менен насыяны төлөөнүн ыңгайлуу графигин тандоого эркиндиги бар.

Бүгүнкү күндө Биринчи май районунун калктуу конушунда 14 миң 173 турак жайдын ичинен 2 миң 130 үй жаратылыш газына кошулган, бул 15% түзөт. Түшүндүрүү жолугушуулары уланууда.

Белгилей кетсек, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын маркетингдик изилдөөсүнө ылайык, жылытуу мезгилинин 1 айында 100 м2 турак жайга 400 м3 жаратылыш газы керектелет, мында отундун ушул түрүнүн 1 м3 үчүн учурдагы баада 19 сом, газ менен жылытуу 1 айга 7700 сом болот.

Орточо эсеп менен 1 айга катуу отун менен жылытууга 1 тоннасы 5 миң сомдон көмүр сатып алууда 6000 сомго жакын каражат сарпталат. Ал эми жылытуу мезгилинин 3-4 айында болжол менен 3-4 тонна көмүр керектелет.

Бишкек мэриясы абанын булганышын кыйла азайтуу үчүн жылытуунун альтернативдүү түрүнө өтүүнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий