Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде светофор коюлду

Коом 0

Бишкек, 07.12.18 /Кабар/. Жол кыймылынын жана жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Бишкектин Садыгалиев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине светофор орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Быйыл «Бишкек шаарынын жолдорун жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кытай бөлгөн гранттын эсебинен Лев Толстой көчөсүндөгү жол Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин узартылган. Жолдун узартылышы автотыгын маселесин чечүүгө жардам берди.

Ошондой эле, мындай чара менен Ден Сяопин жана Гагарин жолдору унаа тыгындардан арылган.

Пикир

Оставить комментарий