• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги мектептерде COVID-19 жана сезондук сасык тумоо менен ооругандар көбөйүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Бишкекте окуу процесси калыбына келтирилгенден тартып COVID-19 илдети 34 мектептен аныкталды, азыркы учурда 12 мектеп карантинге жабылган. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдик бөлүмүнүн башкы адиси Чынара Исакова билдирди.

Ошондой эле, анын айтымында, 20 мектептин 43 классынын окуучулары онлайн окуп жатышат. Бүгүнкү күндө жалпы 2 миң 266 окуучу аралыктан билим алышууда.

“Статистикалык маалымат боюнча, 32 мугалимден COVID-19 лабораториялык тастыкталса, пневмониянын 7 учуру катталган. Ал эми окуучулар арасында 94 окуучудан лабораториялык, 10 окуучудан пневмония аныкталган”,-дейт ал.

Мындан тышкары, Исакова шаардагы мектептерде сезондук сасык тумоонун өсүүсү байкалып жатканын белгиледи.

“Мугалимдер арасында 57 учур, окуучулар арасында 3 миң 513 учур аныкталды”,-деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын балансында 97 мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий