• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Бишкекте “Эң мыкты кыргыз тили жана адабияты кабинети” сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда “Эң мыкты кыргыз тили жана адабияты кабинети” сынагы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынак Билим берүү департаменти тарабынан “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган үч айлыктын алкагында уюштурулду.

Сынакка райондук этаптарда 1-орунду алган билим берүү мекемелери катышты.

Сынакта төмөнкү билим берүү уюмдары эң жакшы жыйынтыктарды көрсөттү:

I орун - №68 мектеп;
II орун - №51 мектеп;
III орун - №55 мектеп.

Мектепке чейинки мекемелердин арасында:

I орун - №113 бала бакча,
II орун - No91 бала бакча.

Сынактын жеңүүчүлөрү үстүбүздөгү жылдын декабрь айында өтө турган үч айлыктын жыйынтыктоочу иш-чарасында грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий