Бишкектеги мектептерде жайкы лагерлер ачылды

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бишкектеги мектептерде жайкы лагерлер ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, лагерлер балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо жана иш менен камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөрдү азайтуу максатында ачылды.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева Ак-Босого жаңы конушунда жайгашкан, 200 бала эс ала турган №101 мектептин алдындагы лагеринде болду.

Белгилей кетсек, лагерлер шаардагы 37 мектепте иштеп, анын 31 мектептебинде тамактануу уюштурулат. Лагерь 4 миң 275ке жакын окуучуну камтыйт.

Райондор боюнча мектеп лагерлердин тизмеси:
- Ленин районунда 7 мектеп лагери ачылды: №7, 40, 42, 79, 80, 97, 102. Жалпысынан 1090 окучууну камтыйт.
- Биринчи май районунан 6 мектеп лагер: №27, 49, 69, 86, 99, 101. 1000 окучуу катталды;
- Свердлов районунда 14 мектепте мектеп лагери ачылды, анын ичинен 12 мектепте тамактануу уюштурулду. Жалпысынан 1315 окучууну камтыйт.
- Октябрь районунда 10 мектеп лагери: № 3, 14, 26, 39, 56, 64, 88, 91, 98, 103 мектептерде. Мектеп лагерлерине 870 окучуу катталган.

Бүгүнкү күндө мектеп лагерлеринин кызматкерлеринин педагогикалык курамы такталып, ар бир лагерге медицина кызматкери бекитилип, медициналык кабинеттерде жана оюн бөлмөлөрүндө аптечкалар даярдалып, бардык кызматкерлери медициналык кароодон өтүштү.

Мектеп лагерлеринде балдардын коопсуздугун Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин, райондук билим берүү башкармалыктарынын жооптуу адистери жана Бишкек шаарынын ИИМнин инспекторлору камсыз кылат. Ошондой эле Бишкек шаарындагы лагерлердин ишин уюштуруу, координациялоо жана көзөмөлдөө райондук ички иштер башкармалыгына жана шаардык ички иштер башкармалыгына жүктөлөт.

Ошондой эле, мектеп лагерлеринин мезгилинде балдардын маданий эс алуусун уюштуруу максатында, «Кыргызстан балдары» шаардык чыгармачылык борборунун, райондук балдар чыгармачылык борборлорунун жана жаш техниктер станциясынын клубдарынын жана спорттук секцияларынын иш пландары төмөнкү багыттар боюнча бекитилди:

- көркөм кол өнөрчүлүк багыты;
- музыкалык-эстетикалык багыты:
- улуттук аспаптарда ойноо, вокалдык студиялар багыты;
- интеллектуалдык жана социалдык өнүгүү, учак моделдөө, туризм жана өлкө таануу багыты.

Жалпысынан мектеп лагерлеринде сүрөт тартуу, «Шахмат», «Үй куруу: чийүү, кесүү, чаптоо», «Оригами», «Кыргыз оймосу», «Моделдөө», «Элдик аспаптарда ойноо», «Кол өнөрчү, кийиз, шуру менен иштөө» сыяктуу 70 ийрим уюштуралат.

Мындан тышкары, мектеп лагерлеринде массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн спорттук залдар даярдалды.

Пикир

Оставить комментарий