• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бишкектеги мектептердин биринде эко-жарманке өттү

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №108 мектепте Борбор Азиядагы Америка университетинин “Эко-маданият жана медиа” долбоорунун алкагында “Социалдык коомдун модели” иш-чарасы болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары тарабынан экожарманке уюштурулуп, анда эко-баштыктар менен кошо колго жасалган буюмдар тартууланды жана аларды колдонуу зарылдыгы тууралуу маанилүү маалыматтар берилди. Ошондой эле окуучулар өз колдору менен жасалган таштанды челектерин көрсөтүп, этияттык чараларын сактоо менен таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү эрежелери тууралуу айтып беришти.

Мындан тышкары, 5-9-класстардын окуучулары “Социалдык коомдун модели” темасында презентация жасашты жана окуучулар тарабынан иштелип чыккан тамчылатып сугаруу системасынын модели сунушталган кесипке багыт берүү кабинети менен тааныштырышты.

Пикир

Оставить комментарий