• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкектеги мектептердин тегерек четинде 101 жол белги жаңылоого муктаж

Коом 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Бишкектеги мектептердин тегерек четинде 101 жол белги жаңылоого муктаж. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, инспекторлор окуу жылын утурлай калаадагы 104 мектепти жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында жеринен кароо өткөрүүдө. Анын алкагында жаңылоого, алмаштырууга жана жаңы коюуга муктаж болгон 101 төмөнкү аныкталды:

- ылдамдыкты чектөө (3.24) -10;
- балдар (1.23) - 7;
- жөө жүргүнчүлөр (5.19.1, 5.19.2)-14;
- атайын дөңсөө (1.17) -14;
- аракет убактысы (8.5.4) - 23.
- багыт берүүчү жол белгилери (ЗИП) - 33.

Жалпы 101 жол белгилерин калыбына келтирүү боюнча Бишкек мэриясынын тийиштүү бөлүмүнө атайын сунуштар берилди.

Ошондой эле мектептерге жакын жайгашкан эскилиги жеткен жана тоскоолдук жараткан бактарды кыйып тазалоо боюнча "Бишкек жашыл чарба" ишканасына 22 сунуш берилди. Андан тышкары, 40 жол чийиндерин жаңылоо боюнча Бишкек мериясына сунуштамалар жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий