• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкектеги 17 көчө жабылды. Оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаарды көрктөндүрүү иштерин жандантты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кытайдын гранттык каражаттары менен камсыздалган «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жол иштери кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, көчөлөрдүн көбүндө былтыркы жылы башталган иштер улантылып жатат.

30-мартка карата 17 көчө оңдоо иштерине толугу менен жабылды:

1.Гидростроитель к., Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин, Эне-Сай конушундагы Аламүдүн суусуна көпүрө куруу менен;
2.Сухэ-Батора к., Каралаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин көпүрө куруу менен;
3.Карасаев к., Юнусалиев көчөсүнөн Карадарыя көчөсүнө чейин;
4.Кривоносов көчөсү;
5.Маликов көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин;
6.Т.Фрунзе к., Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
7.Манас к., Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;
8.Мессароша к., Дэн-Сяопин көчөсүнөн Джамгерчинов көчөсүнө чейин;
9.Эр-Тайлак к., Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейин;
10.Жантөшев к., Байтик-Баатыр көчөсүнөн Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин;
11.Жайыл Баатыр к., Чортеков көчөсүнөн “Арча-Бешик” ж/к Алыкулов көчөсүнө чейин;
12.Өмүр к., Алыкулов көчөсүнөн Тагай-Бий көчөсүнө чейин;
13.Жунусалиев к., Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
14.Курултай к., Магистралдан “Ынтымак” ж/к Кожомкул көчөсүнө чейин;
15.Садыбакасов көчөсү;
16.Бектенов к., Карасаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;
17.Шералиев к., Жайыл Баатыр көчөсүнөн “Арча-Бешик” ж/к Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Жарым-жартылай жабык:
1.Турусбеков к., Ташкент көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин;
2.Архитекторлор к., Киргизия көчөсүнөн “Ак-Босого” ж/к ЧЧК чейин;
3.Кулатов к., Каракөл көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
4.Стадион к., Абдрахманов көчөсүнөн Магистрал көчөсүнө чейин;
5.Чортеков к., Абдархманов көчөсүнөн Жайыл Баатыр көчөсүнө чейин;
6.Баба-Ата к., Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
7.Ашар к., Лущихин көчөсүнөн Өмүр көчөсүнө чейин;
8.Түгөлбай-Ата к., Орозбеков көчөсүнөн Ибрагимов көчөсүнө чейин;
9.Коенкозов к., Бөкөнбаев көчөсүнөн Чуйков көчөсүнө чейин;
10.Чүй пр. Ауэзов көчөсүнөн “Учкун” жаңы конушунун аягына чейин.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун алдын ала жол кыймылын пландап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий