• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектеги Перинаталдык борбордун курулушуна капсула салынды

Ден соолук 0

Бишкек, 27.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн Бишкекте Улуттук эне жана баланы коргоо төрөт үйүндө Перинаталдык борбордун курулушуна капсула салынды.

Капсула салуу иш чарасына КР премьер-министр Сапар Исаков, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Германиянын КРги ыйгарым укуктуу элчиси Петер Рудольф Шолц катышты.

Ардактуу коноктор куттук сөз сүйлөп, аталган курулуштун Кыргызстан үчүн мааниси зор экендигин белгилешти.

Өз кезегинде өкмөт башчы немец тарапка колдоо жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Батыралиевдин айтымы боюнча, аталган объекттин курулушу “Эне жана баланы коргоо IV-V” долбоорунун алкагында жүрүп жатат. Негизги каржылык жардамды Германия өкмөтү берет.

КР Өкмөтү болсо 950 миң евро бөлүп берип, долбоорду ишке ашыруу боюнча бардык зарыл болгон иш чараларды жүзөгө ашырууга милдеттендирилет.

Перинаталдык борбордо 10 төрөт залы, үч операциялык зал, 12 керебетке ылайыкташтырылган реанимациялык орун, 20 керебетке ылайык балдар реанимациялык орун болот.

Пикир

Оставить комментарий