• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкектеги ресторандардын биринде жапырт уулангандардын саны өстү

Ден соолук 0

Бишкек, 23.04.24./Кабар/. Бишкектеги Сухэ-Батор көчөсү, 15/1 дарегинде жайгашкан "Улуу-Тоо" ресторанында жапырт уулангандардын саны 55 кишиге жетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, дагы жети адам ооруканага кайрылган. Алардын үчөө жаш балдар.

Буга чейин аталган ресторанда 15 жана 18-апрель күндөрү кыз узатуудан кийин массалык уулануу катталып, 39 адам медициналык мекемелерге кайрылгандыгын кабарланган.

23-апрелге карата ооруканага кайрылгандардын жалпы саны 55ти түздү. Алардын ичинен ооруканага 10 адам жаткырылды, калгандары үйлөрүнө амбулатордук дарылоого чыгарылган.

Белгилей кетсек, массалык уулануунун себептерин аныктоо максатында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, лабораториядан текшерүү үчүн тамак-аштан, суу аккан жерлерден үлгүлөр алынган. Ресторандын 31 кызматкери медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

Ошондой эле "Улуу-Тоо" ресторанына 13 миң сом айып пул салынып, иши токтотулду.

Тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий