• 89.43
  • 97.22
  • 0.97

Бишкектеги санитардык полигондун аймагына 850 көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын аймагына 850 көчөт отургузулду. Бул тууралуу муниципалиеттен кабарлашты.

Эми 2,3 гектар жерге токой тилкеси пайда болот.

Көчөт отургугуу иш-чарасына Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги, төрт райондун акимдери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, муниципалитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлери, Кыргызстан Эл аралык университетинин, Кыргыз экономикалык университетинин, Роза Отунбаеванын фондунун, «Эко Деми» коомдук фонду жана Экосоветтин активисттери катышышты.

Мындан тышкары, борбордогу санитардык полигонду жашылдандырууга Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бактын жетекчиси жана биологдор катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин таштанды полигонундагы өрттү өчүрүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп, мындан ары аймакты жакшыртуу боюнча иш-чаралар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий