• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкектеги сейил бактарда соода кыла турган жайларды ижарага алууга болот

Коом 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Бишкектеги сейил бактарда соода кыла турган жайларды ижарага алууга болот.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 16-октябрдан тарта Бишкектин 10 паркында балмуздак, суусундуктар, кофе, попкорн, таттуу кебез жана балдар оюнчуктарын сатуу үчүн орундарды ижарага алууга арыздарды кабыл ала баштады.

Төмөнкү парктарда орундар берилет:

  • Адинай паркы – 1-орун;
  • Ата-Түрк паркы – 1-орун;
  • Кайың багы – 4 орун;
  • Жаңгак токою – 4 орун;
  • Жукеев Пудовкин сквери – 3 орун;
  • Кара - Жыгач токою – 5 орун;
  • Боталиев паркы– 5 орун;
  • Ч.Түлөбердиев паркы– 2 орун;
  • Фучик паркы – 5 орун;
  • Жаштар паркы– 12 орун;
  • Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук паркы – 2 орун.

Муниципалдык менчик боюнча комиссиянын 2024-жылдын 14-октябрындагы чечимине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланганга чейин келип түшкөн арыздар эсепке алынбайт.

Ошентип, ижарага арыздар саат 09.00дөн 18.00гө чейин Чокморов көчөсү, 246 дарегинде кабыл алынат.

Бардык суроолор жана толук маалымат боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0312979195 (ички 4222).

Пикир

Оставить комментарий