• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкектеги ШКУ саммитинин алдында Жээнбеков Кытайга барат

Саясат 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын саммитинин алдында Кытайга жумушчу сапар менен барат.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин айтымында, КРнын мамлекет башчысы "Бир алкак – бир жолдун" экинчи форумуна катышуу үчүн кошуна мамлекетке барат. Анын алкагында Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.

Андан кийин КЭР лидери Бишкектеги саммитке катышуу үчүн Кыргызстанга келип, анын жумушчу сапары "мамлекеттик" макамга ээ болот.

"ШКУнун саммити июнда өтөт. Алгач Кыргызстандын президенти Кытайга "Бир алкак – бир жолдун" II форумуна катышуу үчүн келет. Ал өтө маанилүү иш-чара болот. Анда, эки лидер жолугушат. Андан кийин биздин төрага ШКУнун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга барып, мамлекеттик сапар жасайт", - деди элчи Ду Дэвэн.

Ал белгилегендей, КЭР төрагасынын Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапары эки өлкө үчүн тең маанилүү.

"Биз, бул сапарды көп күттүк. Биринчи сапар алты жыл мурда 2013-жылы болгон. Ал биздин кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, биздин элди жакындаштырат деп ишенебиз", - деди ал.

КЭРдин Кыргызстандагы элчисинин журналисттер менен жолугушуусу элчинин президент Сооронбай Жээнбековго Ишеним грамоталарын тапшыргандан кийин болуп өттү. Ал белгилегендей, мамлекет башчы менен жолугушуу жакшы маанайда өтүп, эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча сөз болгон.

Пикир

Оставить комментарий