Бишкектеги түнкү башаламандык. Жабыркагандардын абалы айтылды

Ден соолук 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү орун алган окуядан жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Ведомстводон билдиришкендей, жалпысынан 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылса, анын ичинен бүгүн, 20-майга карата 11 бейтап ооруканада дарыланууда.

Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап жатат. Алардын бирине жабык баш мээ жаракаты диагнозу коюлган. Экинчи жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынган. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө бир жабырлануучу дарылануусун улантууда, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Кошумчалай кетсек, 19-майда дагы 8 чет элдик жаран медициналык жардам алууга кайрылып, Эл аралык медициналык университеттин клиникасына жаткырылган.

Күн мурун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникага барып, алардын ден соолугунун абалы менен таанышты. Экөөнө мурун сөөктөрү сынган деген диагноз коюлса, калгандарында жабык баш мээ жаракаттары, ооруксунуу болгон.

Алардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Өз сөзүндө министр жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү анын жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

“Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жабыркагандарды дарылоо жана керектүү дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча бардык чыгымдар акысыз болот”, - деп кошумчалады министр.

Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү орун алган окуянын чоо-жайы.

Пикир

Оставить комментарий