• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводду 2025-жылдын аягында ишке берүү пландалууда

Коом 0


Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Бишкектеги таштанды полигонунда салынып жаткан таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушун 2025-жылдын аягында бүткөрүү пландалууда.

Мындай маалымат министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүү боюнча экотехнологиялык заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышу учурунда белгилүү болду.

"Долбоордун алкагында суткасына 3000 тоннага чейин таштанды чыгаруучу станция куруп, электр энергиясын өндүрүү пландалууда. Долбоорго тартылган инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 95 млн долларды түзөт. Заводдун курулушун 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий