Бишкектеги Тоголок Молдо гүлбакчасында отургучтар сырдалууда

Коом 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Бишкектеги Тоголок Молдо гүлбакчасында отургучтар сырдалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, гүлбакчада 50дөн ашык отургуч, 30 урна сырдалды. Ошондой эле паркта 10дон ашык отургуч оңдолот.

Калган парктарда жана гүлбакчаларда отургучтарды оңдоо жана сырдоо иштери улантылат.

Буга чейин Өкмөт гүлбакчасындагы брусчаткаларды алмаштыруу иштери аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий