Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна жаракат алган 5 адам келип түштү

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 8-август күнү кечки саат 18:50гө карата Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна жаракат алган 5 адам келип түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, келип түшкөн адамдардын төртөө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болсо, бирөө катардагы жаран.

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери октон жаракат алышкан. Ал эми катардагы жаран кулак тундуруучу гранатадан жабыр тарткан.

Баарынын абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий