• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде кошумча окуу корпусу ачылды

Билим 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда, Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине 375 окуучулук орунга эсептелген кошумча окуу корпусунун ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин администрациясынын, министрлер кабинетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Финансы министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде кошумча окуу корпусунун курулушу 2020-жылы январда башталган. Окуу корпусу быйыл февралда колдонууга берилди.

Эки кабаттуу имараттын (спорт залы жана жыйын залы, коомдук тамактануучу жайы менен кошо) курулушуна Сауд өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен 84 млн 544 миң сом сарпталган.

Кыстырма: Мектептерди куруу боюнча Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кредиттик макулдашууга 2017-жылы май айында кол коюлган. Бул макулдашууга ылайык фонд 30 млн АКШ доллары суммасында жеңилдетилген кредит бөлүп берген. Бул каражаттарга 28 мектептин (алардын ичинен 16сы авариялык) жана 2 бала бакчанын курулушу жүргүзүлүп жатат. Ушул тапта 11 мектептин курулушу аяктады.

Мектептин эски имараты 1980-жылы колдонууга берилген. Анын долбоордук сыйымдуулугу 1226 окуучуга эсептелген.

Бүгүнкү күндө бул мектепте 3210 окуучу окуп жатат, ал эми интернатта 150 окуучу билим, тарбия алууда.

Пикир

Оставить комментарий