Бишкек, 16.11.24. /Кабар/.Эртең Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Жашоо ыргактары” аталышындагы көргөзмөнүн ачылышы болот.
Көргөзмөнүн автору – көрүнүктүү сүрөтчү жана скульптор, маданияттын мыкты кызматкери, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Тамила Маматова.
Көргөзмөдө төмөнкү чыгармалар тартууланат:
- автордун 37 уникалдуу чыгармалары;
- дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө орнотулган 28 эмгеги.
Көргөзмө 5-январга чейин уланат.
Пикир
Оставить комментарий