• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкектеги жаңы жылдык салютка канча каражат кетери айтылды

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңы жылга караган түнү салют атылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.

“Учурда мэрия 2023-жылды тосууга майрамдык программа даярдап жатат. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий