• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкектеги Жайыл баатыр көчөсү жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Бишкектеги Жайыл баатыр көчөсү жарыктандырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жарык орнотуу иштери аяктады.

Аталган көчөдө 77 темир мамы орнотулуп, кубаттуулугу 200 Вт болгон 154 даана чырак күйгүзүлдү. Ошондой эле 4000 метрден ашык кабель тартылган.

Эске салсак, Жайыл баатыр көчөсүнүн Чортоков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү 2,8 чакырымды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий