Бишкектеги ЖОЖдордун биринде Makerspace Learning Center окуу борбору ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Борбордук Азиядагы Америка университетинде «Makerspace Learning Center» окуу борборунун ачылышына катышты.

Долбоор Борбордук Азиядагы Америка университети, Бард колледжи жана USAID тарабынан ишке ашырылган.

"Мен бардыгын «Makerspace Learning Center» окуу борборунун- азыр биздин чыгармачыл индустриябыз үчүн абадай керек болгон чыгармачыл мейкиндиктин ачылышы менен куттуктайм. Ал инновацияны жана ишкердикти өнүктүрүүгө жардам берет. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын илимпоздоруна кайрылуусунда белгилегендей, “Кыргыз окумуштууларынын изилдөөлөрүнүн натыйжалары салттуу “илим – практика” тандеминде жүрүшү керек. Бул борбордун аркасында ойлоп табуучуларыбыз жана рационализаторлорубуз өздөрүнүн продукциясынын прототиптерин жасап, өндүрүшкө жана экспортко чыгара алышат», - дейт Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле 2050-жылга чейин экономиканы 200 миллиард долларга жеткирүү максатын ишке ашырууда билим берүү системасынын негизги ролун баса белгиледи.

Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы трансформацияга да токтолду.

"Бүгүн мен замандаш катары эле эмес, өкмөт башчы катары бүткүл адамзаттын, өнүккөн өлкөлөрдүн кыймылынан артта калбай, өлкөбүз бул доорго толук кандуу кириши үчүн өзүмдүн милдетимди көрүп турам. Биз буга чейин эле "санариптик секирик" деген сөздү колдонгонбуз. Биз бул тууралуу 30 жыл мурда жана 20 жыл мурда да сүйлөшкөнбүз, бирок бүгүн биз жасоого тийиш болгон санариптик секирик – бул биринчи милдет. Мына ушундан улам мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров мектептеги билим берүүнү толугу менен өзгөртүү милдетин койду. Учурда “Полярная звезда” программасын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биз STEM предметтери үчүн акыркы муундагы окуу китептерин сатып алдык. Мугалимдердин билимин жогорулатуу жана квалификациясын жогорулатуу программасы толугу менен кайра каралып чыкты. 12 жылдык мектепте билим берүүгө өттүк. Биз дагы программаларды сатып алдык жана азыр информатика жана англис тили боюнча таптакыр жаңы программаны киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз", - деди ал.

Мындан тышкары, минкаб башчысы белгилегендей, учурда Министрлер Мабинети стартаптарга жогорку тобокелдикке ээ инвестицияларды жасай турган венчурдук фондду түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

"Инфраструктураны өнүктүрүү үчүн NVIDIA корпорациясынан процессорлордун бүтүндөй батарейкасын сатып алышыбыз керек. Биз муну быйыл жана кийинки жылы жасайбыз, анткени буларсыз биз мамлекеттик кызматтарды көрсөтө албайбыз, жасалма интеллект программаларын, мектеп репетиторлорун иштеп чыга албайбыз, алдыңкы медициналык технологияларды киргизе албайбыз", - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул MakerSpace лабораториясынан үлгү алып, мындай борборлорду өлкөнүн башка ата мекендик ЖОЖдоруна ачуу зарыл деп сөзүн улантты.

Иш-чаранын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Борбордук Азиядагы Америка университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасына, Борбордук Америка университетинин Инновациялык колледжинин Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Лахдир Дэвид Каримге Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын элдеринин ортосундагы социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоодогу кызматы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Данакер" орденин тапшырды.

Ачылыш аземинин соңунда борбордун имаратынын алдына көчөттөр отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий