• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында кызамыктан 53 адам дарыланууда

Ден соолук 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызамыктан 53 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине башкы дарыгер Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, өткөн дем алыш күндөрү ооруканага 200 жакын адам кайрылып, анын ичинен 35 бейтап ооруканага жаткырылган.

“Ооругандардын басымдуу бөлүгү кызамык боюнча эмдөөдөн өтө элек кичинекей балдар. Учурда бул оорудан 53 бейтап даарыланууда. Азыр мезгилдик болгон сасык тумоо, ОРВИ сыяктуу оорулардын саны азаюуда. Ошол себептен бөлүмдөрдө кезектер жана көп эл байкалбайт”, - дейт Аалиев.

Эске сала кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министрлигинен өлкөдө кызамык оорусунун көбөйүүсү тууралуу билдирген.

Урматтуу ата-энелер, балдарыңарга өзгөчө көңүл бургула! Кызамык сыяктуу ооруларга сак болгула. Кызамык – бул адам жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө аба аркылуу жуга турган жугуштуу оору.

Кызамыктын белгилери::

- жогорку дене табы;

- жөтөл;

- мурундун бүтүшү;

- көздөн жаш агуусу жана күндү карай албоо;

- адегенде бетте андан кийин денеде кызыл тактардын пайда болуусу.

Кызамык оорусу диарея, пневмония, энцефалит сыяктуу ооруларына алып келиши мүмкүн, өзгөчө кичинекей балдарда.

2018-жылы Кыргызстанда кызамык менен ооруган 1005 учур катталган. Анын ичинен 80%ын беш жашка чейинки балдар түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий