Бишкектеги жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун каржылоо үчүн $6,9 млн бөлүнөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.11.23./Кабар/. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында “2023-жылдын 8-сентябрында Бишкекте кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев белгилегендей, бүгүнкү күндө “Бишкекжылуулуктармагы” 5 025 имаратты жылытуу максатында жылуулук энергиясы менен камсыз кылууда, алардын ичинен: 3 500 көп батирлүү турак үйлөр, 1 100 жеке турак үйлөр, 2 318 коомдук имараттар.

Баяндамачы азыркы учурда көпчүлүк өткөргүч түтүктөр иштөө ченеминин мөөнөттөрү аяктап, алмаштырууну талап кыларын белгилеп: “Тармактардын техникалык абалы өтө эскирген абалда, 75%дан ашыгы 25 жылдык ченемдик эксплуатациялоо мөөнөтүн иштеп бүттү”, - деди.

Буга байланыштуу аталган макулдушуунун долбоорунда белгиленген бардык иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн 6,9 млн АКШ доллары өлчөмүндө кошумча кредиттик каражаттар бөлүнөт. Насыя төмөнкү шарттарда берилет: төлөө мезгили - 50 жыл, жеңилдетилген мезгил - 10 жыл, пайыздык чени - 0%.

Пикир

Оставить комментарий