• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкектен Кувейтке авиакаттамдар көбөйтүлөт

Коом 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. 2022-жылдын 30-декабрынан тарта Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча кошумча чартердик каттамдардын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкектен Кувейтке каттамдарды 2022-жылдын 30-декабрында жана 2023-жылдын 1, 2, 4, 13, 15, 19-январында аткарганы турат.

Буга чейин көрсөтүлгөн багыт боюнча жумасына 4 туруктуу каттам аткарылып келген - дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума күндөрү.

Пикир

Оставить комментарий