• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекти каптаган кара түтүндүн башкы себеби эмне? Адис жооп берди

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Чынгызбек Абдумалик уулу радиолордун бирине берген маегинде кара түтүндүн башкы себептерин айтты.

Ал атмосферанын булганышынын төмөндөгүдөй бир нече себебин айтып берди:

Авто унаалардан бөлүнүп чыккан газдар. Газдар кара түтүндүн пайда болушунун негизги себеби. Анткени, Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн алып келинген эски унаалар көп. Алар эскилиги жеткендиктен, минималдуу бир машинадан бир килограммдай зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат.

Борбордук ЖЭБ. Ишкана атмосферага ар кандай заттарды ири өлчөмдө бөлүп чыгарат. Бирок ЖЭБде отун өтө жогорку температурада күйгүзүлгөндүктөн, зыяны башкаларга салыштырмалуу анча көп эмес.

Жер үйлөрдө жагылган от. ЖЭБге караганда кооптуурак. Анткени, үйдө отун салыштырмалуу анча жогору эмес температурада күйгөндүктөн, көмүр кычкыл газынын ордуна ис бөлүнүп чыгат.

Таштандыны өрттөө. Таштандыны күйгүзүп салуу зыян алып келерин көпчүлүк түшүнө бербейт. Мында күйгүзүлгөн заттардын басымдуу бөлүгү уулуу газдарды бөлүп чыгарат.

Ошондой эле ал атмосферанын булганышын жакшыртуу максатында бир катар иштер жасалып жатканын белгиледи.

"Маселен, айта кетсем жаңы конуштардагы газдаштаруу аябай натыйжалуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө Бишкекте 30 миң 168 кожолуктун үйлөрүнө газ киргизилди. Ошолордун ичинен 21миң 100 үйдүн от казаны газга туташтырылды. Башкача айтканда эми алар көмүр жагышпай, үйдү газдын жардамында жылытышат.

Мындан сырткары, буга чейин Бишкекте 5миңге жакын микроабтобустар каттачу. Алар дизель отундары менен жүрчү. Баарыбызга маалым дизель отуну менен жүргөн микроавтобустар зыяндуу заттарды ашыкча бөлүп чыгарат. Бүгүнкү күндө аталган баардык микробусиктер шаардын сыртына чыгарылып, 1200дөн ашуун экологиялык таза автобустар алынып келди. Тактап атйканда автобустардан чыгып келген улуу заттар дагы чектелди. Мындан сырткары, он жылдан бери күйүп келген полигон дагы толугу менен өчүрүлдү. Ал жердин 5 гектарына 3 миң көчөт отургузулду. Мына ушундай натыйжалуу иштердин аркасында Бишкекте абанын сапаты бир кыйла жакшырды десек болот", - деди адис.

Пикир

Оставить комментарий