Бишкектик артисттер Алматыда театралдык форумга катышууда

Маданият 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры 3-9-июнда Алматыда өтүп жаткан КМШ, Балтика жана Грузия мамлекеттеринин бешинчи жаштар театралдык форумуна катышууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 200дөн ашуун режиссёрлор, драматургдар, актёрлор, сахна дизайнерлери, театр сынчылары катышууда.

Бул долбоор узакка созулган чыгармачылык процесстин туу чокусу болуп саналат, анын ар кандай этаптарында эл аралык эксперттер мыкты спектаклдерди тандап, сынактык тандоо өткөрүштү. Жыйынтыгында жаш режиссёрлордун тогуз спектакли көрсөтүлдү.

Бүгүн бишкектик артисттер Бексултан Жакиевдин пьесасы боюнча Уланмырза Карыпбаевдин “Жаанын онтоосу” сректаклин тартуулайт.

Пикир

Оставить комментарий