• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкектин Биринчи май районунда балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Биринчи май районунда балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп, анда жашы жете электердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча орчундуу маселелер каралды.

Муниципалитеттин билдиришкендей, жыйындын күн тартибинде 25 материал талкууланып, анын 13 материалы балдарды 1-класска орноштуруу тууралуу болду.

Мындан тышкары, жыйында балдар арасындагы укук бузуулар, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү, ошондой эле балдарды үй-бүлөсүнө бириктирүү фактылары каралды.

Бардык каралган маселелер боюнча балдардын коопсуздугун жана кызыкчылыгын камсыздоого багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Комиссиянын негизги милдети жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун жана селсаяктыктын алдын алуу, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга керектүү жардам көрсөтүү болуп саналат.

Комиссия балдардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана алардын укуктарын коргоого багытталган жигердүү ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий