Бишкек, 30.04.23./Кабар/. Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү.
Шаар тургундарына комузчулардын дуэти, «Семетей» ыр-бий ансамбли, «Айбийке» бий ансамбли, «Эски шаар» жана «Элес» топтору, «Виллби» бий тобу, «Инсан» тобу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Кайрат Примбердиев жана Тилек Найманбаев, Гүлнур Сатылганова, Александр Волкодав, Аяна Касымова ж.б. көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.
Ошондой эле борбор калаанын тургундарын жана конокторун майрамы менен борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев куттукташты.
Пикир
Оставить комментарий