• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин 6-кичирайонунда жаңы бала бакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Бишкектин 6-кичирайонундагы №6 бала бакчанын оңдоо иштери толугу менен бүтүп, мекеме кайрадан балдарды кабыл алууга даяр.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бала бакчанын аянты 1 миң 573 чарчы метрди түзөт, ал 140 балага (6 топ) ылайыкталган.

“Бала бакчада ички жана тышкы оңдоо иштери жүргүзүлүп, инженердик тармагы алмаштырылды: жылуулук, канализация, суу түтүктөрү жана электр тармагы. Мындан тышкары, ашкана жана кир жуучу бөлмөгө жаңы жабдыктар алынып келип, эмеректер коюлду, видеокөзөмөл тутуму орнотулду, мекеменин айлана-тегерегин жакшыртуу иштери бүткөрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Оңдоо иштерин Капиталдык курулуш башкармалыгынын буйрутмасы менен “Байэл-А-Курулуш” компаниясы жүргүздү.

Борбор шаардын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын буйругу менен Курманбаева Мээрим Дүйшенбековна бала бакчанын директору болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий