Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу түрдө жүрүп жаткан иштерди текшерди.
Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен бирге алгач Аламүдүн дарыясына барды.
Маалыматта айтылгандай, эртең мененки саат 6дан бери жер-жерлерге шаардык кызматтардын 30 даана экскаваторлору жана 55 HOWO самосвалдары тартылды. Жалпысынан 85 бирдик техника иш алып барууда.
Дарыялардын нугун тазалоо иштерине биринчи жолу бардык муниципалдык ишканалардын, тактап айтканда, «Бишкек жашыл чарба», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкексууканал», «Бишкек санитардык полигону», «Бишкекжарык», ИИМдин Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана муниципалдык инспекциясынын катышуусунда өтүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы Аламүдүн дарыясынын узундугу 15,7 км.
Эске салсак, келечекте шаар тургундарынын жана борбордун конокторунун эс алуусу үчүн дарыялардын жанындагы аймактарды жакшыртуу пландаштырылууда. Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугун механикалык тазалоо иштери мэрдин тапшырмасы менен 2024-жылдын жай айларында калктын коопсуздугун камсыздоо жана кыш мезгилинде ылай тыгындарын алдын алуу максатында башталган.
Пикир
Оставить комментарий