• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкектин аймагында мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун адам аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. УКМК: Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында Мамкомитет тарабынан пландуу фильтрациялык иш-чаралардын натыйжасында визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 42 чет өлкөлүк жаран (Бангладеш – 35 жана Пакистан-7) аныкталды.

Тартип бузгандар Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана кийин Кыргызстандын чегинен тышкары депортациялоо үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий