Бишкектин Айни көчөсүндөгү тротуардын курулушу аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/.Бишкектин Айни көчөсүндөгү тротуардын курулушу аяктоо алдында турат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн Абай көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки жол бөлүгү менен бирге тротуар куруу иштери жүргүзүлдү.

"Бүгүнкү күндө жөө адамдар өтүүчү жолду орнотуу боюнча иштер аяктады, ирригациялык система орнотулду, унаа өтүүчү бөлүккө 1 катмар асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү", - деп деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аба ырайы ыңгайлуу болсо, экинчи катмарды төшөө иштери аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий