Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында төрт күнгө газ өчүрүлөт, - деп маалымдайт "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 12-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын төмөнкү райондорунда жаратылыш газы убактылуу жок болот: Арча-Бешик жаңы конушунун Муромская, Ахунбаев, Чортеков, Күйүков; Ак-марал, Ж.Баатыр, Чортеков, Шералиев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий