Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 10-октябрь күнү ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 10-октябрь күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Жунусалиев, Чайков, Айни, Л.Толстой, Садырбаев жана Космос көчөлөрүндө таза суу өчөт.
Аны менен бирге төмөнкү жерлерде да таза суу берүүсүн токтотот:
- № 131, №118 бала бакчада;
- №55, №25 мектепте;
- Ленин районунун билим берүү борборунда;
- Жумушчулар шаарчасында;
- Дыйканчылык институтунда;
- Ленин районунун аскер комиссариатында;
- №47 абакта
- "Ак-Ордо" конушунда;
- Гагарин көчөсүндөгү "Яшар" фирмасында;
- Гагарин көчөсүндөгү "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасында;
- №5 мончодо;
- "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ЖАК;
- "Тамга Таш ЛТД" ЖЧК;
- "Лина" фирмасында;
- Мурманс көчөсүндөгү коньяк өндүрүшүндө;
- №3, №2, № 5 муниципалдык аймактык башкаруусунда.
Ал күнү мектептерде жана бала бакчаларда дем алыш күнү деп белгиленүүдө. Сууга байланыштуу көйгөй жаралса 56-03-20, 54-42-45, 54-42-44, 44-95-97, 44-96-45 жана 0770 838458 номерлерине кайрылсаңыздар болот.
Пикир
Оставить комментарий