Бишкек, 04.10.23./Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 4-октябрдан 6-октябрга чейин Бишкек шаарынын Горький көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерине байланыштуу Медеров, Кулатов, Абай, Каракөл көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
«Бишкекгаз» жарандардан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.
Ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Пикир
Оставить комментарий