• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 12-13-август күндөрү Курманалиев, Зеленая, Колхозный, Кыргызская, Новая көчөлөрү менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий