• 87
  • 90.59
  • 0.86

Бишкектин айрым жерлеринде жылытуу параметрлери убактылуу төмөндөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу жана жылытуу параметрлери убактылуу төмөндөтүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 27-ноябрда тышкы абанын температурасы +18°C чейин жогорулай тургандыгына байланыштуу “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы ЖЭБ-1 жана "Бишкексельмаш" отканасынын аралыгындагы жылуулук энергиясын кайра бөлүштүрүү боюнча иштерди жүргүзөт.

Иш-чаралардын максаты - Шабдан баатыр жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан диаметри 720 мм болгон магистралдык түтүктөгү агып кетүүнү жоюу.

"Которуу мезгилинде шаардын айрым аймактарында ысык суу менен камсыздоо жана жылытуу параметрлеринин кыска мөөнөткө төмөндөшү мүмкүн. Иш гидротехникалык шарттарды жана жылуулук менен камсыздоону жакшыртууга, суук мезгилде мүмкүн болуучу кесепеттерин алдын алууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө турган түтүк 1989-жылы пайдаланууга берилип, өзүнүн стандарттык мөөнөтүн толук аткарып, капиталдык оңдоону талап кылат.

Пикир

Оставить комментарий