• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкектин Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Бишкектин Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имаратты ички жана тышкы жасалгалоо, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты 1413,01 чарчы метр, ал эми жер тилкесинин аянты 0,5714 гектарды түзөт.

140 оруундуу бала бакча 400гө жакын тарбиялануучу кабыл алат. Имаратта кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөрү, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык кабинет, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.


Пикир

Оставить комментарий